• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Казак жараны Кыргызстанга сымап алып өтүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары “Кең-Булуң унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайынан Казакстандын төрт жаранын кармашкан, алар КРдин аймагына тыюу салынган зат – сымапты алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Чек арачылар көзөмөл жайына келген Казакстандын жарандарынан баштыкча табышкан. Анын ичинде тыюу салынган кызыл медициналык сымап болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий