• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК: Мекемелер аралык координациялык комиссиянын 16-отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын 15-ноябрында КР УКМК Терроризмге каршы борборунда мекемелер аралык координациялык комиссиянын XVI отуруму болуп өттү. Анын башкы максаты Кыргыз Республикасында терроризмге каршы туруу, жана ошондой эле мындан ары бул багытта мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү эсептелет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Комитеттин кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын акыркы мезгилде анти-террордук субъекттердин иш жыйынтыгын, министрликтердин жана мекемелерди отчеттору ошондой эле аба мейкиндигинде абада пилотсуз учууларынын жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча маселелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында террорго каршы коопсуздук көйгөйлөрү, аларды четтетүүгө белгиленген мөөнөтү, мамлекеттик бийлик органдарынын иш аракеттерин жөнгө салуу жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда жогорку сапаттагы чечимдерге жетүү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий