• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Эртең Бишкекте KFC Night Run марафону өтөт. Айрым көчөлөр жарым-жартылай жабылат

Спорт 0

Бишкек, 16.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Эртең, 17-июнда Бишкек шаарында активдүү жашоо образын сүйүүчүлөр үчүн салттуу KFC Night Run 2023 жарышы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Программага ылайык, иш-чара саат 19.00дө башталып, түн ортосуна чейин уланмакчы. Марафон "АЮ-Гранд" соода борборунун жанында башталат. Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө өтөт. Жарым марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат.

Жарым марафондун жүрүшүндө негизги жарыш маршруту боюнча саат 20:30дан 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

- Валиханов көчөсү — Анкарадан Чүй проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

- Чүй проспекти — Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин (батыштан чыгышка).

Унаа кыймылы үчүн Валиханов көчөсүнүн батыш тилкеси жана Чүй проспектисинин түндүк тилкеси ачык болот.



Иш-чаранын программасы:
19:00 - Катышучулардын чогулуусу, сактоо камеранын ачылышы;
20:00 - Иш-чаранын ачылышы жана саламдашуу сөздөрү;
20:25 - Катышуучулар үчүн брифинг;
20:40 - Даярдануу;
21:00 - 21,1 км аралыкка старт берүү;
21:05 - 10 км аралыкка старт берүү;
21:10 - 5 км аралыкка старт берүү;
21:20 - Шоу программа;
22:30 - Бардык жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо;
00:00 - Спорттук иш-чаранын жабылышы

Пикир

Оставить комментарий