Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык Куан Абдыраимов ушу-саньда боюнча дүйнө биринчилигинде күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтында айтылат.
Мелдеш 17-21-октябрь күндөрү Кытайдын Шанхай шаарында өткөн.
Абдыраимов 90 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан. Финалдык таймашта ал, Ливандан келген Мишел Заммарга утулуп, экинчи орун алган.
Пикир
Оставить комментарий