• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Киевдеги кыргыз күнү. Ч.Айтматовдун чыгармаларына тартылган сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0


Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Киев шаарындагы Балдар Улуттук китепканасында 2024-жылдын 22-ноябрында элчилик тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган бүткүл украиналык балдар арасындагы сүрөт сынагы болуп өттү.

Сынак кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 1,5 миңден ашык бала катышып, алардын 113ү аймактык тандоолордон өтүп, элчиликтин сыйлыктарына ээ болушту.

Иш-чарага 30дан ашык финалисттер жана жеңүүчүлөр ата-энелери, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Украинанын белгилүү коомдук жана саясий ишмерлери, ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

“Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму” бейөкмөт уюмунун президенти Аскар Айтматов сынактын катышуучуларына атайын видеокайрылуу жасады.

Майрамдын жүрүшүндө балдар баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле Украинада түрк тилдүү чыгармаларды, анын ичинде Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтууга салым кошкон инсандар ТҮРКСОЙ жана Айтматов фондунун медалдары менен сыйланышкан.

Иш-чаранын алкагында элчилик тарабынан балдардын мыкты эмгектери камтылган жаңы басылып чыккан альманах китебинин бет ачары болду.

Белгиленгендей, китептер Кыргызстандын, Украинанын жана ЕБ өлкөлөрүнүн билим берүү мекемелерине берилет.

Иш-чарада маданий дипломатиянын өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди орнотуунун маанилүүлүгү белгиленип, ал украиналык маалымат каражаттарында кеңири позитивдүү реакцияларды жаратканы айтылат.

Белгилей кетсек, сынак Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларын гана эмес, жалпы түрк тилдүү чыгармаларды да Украина мамлекетинде кеңири жайылтууга салым кошкону белгиленген.

Аталган иш-чара согуш мезгилиндеги коопсуздук чараларын сактоо менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий