• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

13-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-марттан 16-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Эртең, 13-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус.

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10 градуска жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 1...6 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 9...11 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий