Бакуда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP-29) 29-сессиясында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) алкагында таза энергия боюнча уставга кол коюлду. Документке Кыргызстандын атынан энергетика министри Таалайбек Ибраев кол койду. Муну менен өлкөдө таза энергияны өндүрүүгө жана кеңири колдонууга басым жасалаары дагы бир ирээт тастыкталды. Таза энергия борборунун уставы энергетика секторундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара байланышты чыңдоо максатында демилгеленген.
Алгач, таза энергия деген эмне? Таза энергия - бул кайра жаралуучу, жаңылануучу энергия, аны өндүрүү үчүн планетада топтолгон мисалы көмүр же газ сыяктуу ресурстар сарпталбайт. Башкача айтканда, мындай энергия жаңылануучу булактардан алынып, табиятка зыян келтирбейт. Демек, атмосфера булганбайт жана парник газдары бөлүнүп чыкпайт. Таза энергия бул - күн энергиясы, шамал энергиясы, гидроэнергетика жана биоэнергетика да болушу мүмкүн.
Алсак, Кыргызстанда бардык энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) бар. Бирок, алардын арасынан келечектеги өнүгүү багыты боюнча ыңгайлуусу, экономикалык жактан өзүн актай турганы болуп чакан гидроэнергетика жана күн энергиясы эсептелет. Өлкөдө бул тармактарга өзгөчө көңүл бурулууда. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган Энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, жыл башынан бери жалпы кубаттуулугу 45,9 МВт чакан ГЭСтер ишке киргизилди. Ал эми 2 чакан ГЭС, 1 күн жана 1 шамал электрстанцияларын куруу үчүн мезгил кутучалары салынган. Учурда жалпы кубаттуулугу 430 кВт күн электрстанциялары иштеп жатат. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстанды энергия менен камсыз кылган негизги булак гидроэнергетика тармагы болуп саналып, ага артыкчылык берилүүдө. Энергетика жаатындагы көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев өлкөдө гидроэнергетика тармагын өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.
«Кыргызстан суу артерияларынын ири энергетикалык ресурсуна ээ. Бизде 140–160 млрд кВт деп бааланган олуттуу гидроэнергетикалык потенциалы бар көптөгөн ири жана орто дарыялар бар. Ошондуктан мен гидроэнергетиканы өнүктүрүүнү сунуштайм, себеби ал электр энергиясын иштеп чыгуунун экологиялык, коопсуз жана арзан түрү», - дейт Расул Умбеталиев.
Энергетика министрлигинин акыркы 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында белгилүү болгондой, ЭКБ тармагында жалпы 22 компания менен электр энергиясын берүүгө келишимдер түзүлгөн. Тактап айтканда, 11 чакан ГЭС, 9 күн электр станциялары, 2 шамал электр станциялары. Электр энергиясын берүүгө келишим түзгөн компаниялар долбоорлорун ишке ашыруу боюнча активдүү иш алып барууда. Кыргызстан суу башында тургандыктан, чакан ГЭСтерди куруу ыңгайлуу болсо, экинчи жагынан күн менен шамал энергиясын өндүрүүгө да табигый мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.
Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда Бакуда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясына кошулган тараптардын 29-конференциясында Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасап жатканы тууралуу маалымат берди.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп кетким келет. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча долбоору ишке ашырыла баштады. 2023-жылы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС ишке киргизилди. Быйыл дагы 15 чакан ГЭС куруу, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда”, - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле, кайра жаралуучу энергия булактарын кеңири колдонуу менен Кыргызстан өндүрүштөгү зыяндуу газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата 16%, ал эми эл аралык колдоо болсо 44% кыскартууну пландап жатканын белгиледи. Анткени, күн жана шамал сыяктуу кайра жаралуучу булактардан өндүрүлгөн электр энергиясы климаттын өзгөрүшүнө себеп болгон парник газдарын түзбөйт жана абаны булгабайт. Анткени климаттын өзгөрүшү - бул жердеги орточо температуранын жана аба ырайынын узак мөөнөттүү өзгөрүшүнө алып келүүдө. Бул узак мөөнөттүү климаттын өзгөрүшүнө негизинен, үйлөрдө, заводдордо, жылуулук электр борборлорунда жана транспорт каражаттарында казылып алынган отундарды - көмүр, мунай жана газды кеңири колдонуу себеп болууда. Казып алынган күйүүчү майды күйгүзүүдө парник газдары, негизинен көмүр кычкыл газы (СО2) абага бөлүнүп чыгып, жер бетине жакын атмосферада кошумча энергияны кармап, планетанын ысышына алып келүүдө.
Ал эми жалпы планетанын ысышы дүйнө өлкөлөрү менен катар Кыргызстанга да өз таасирин тийгизип, мөңгүлөрдүн ээришине себеп болууда. Соңку 70 жылда мөңгүлөрдүн көлөмү 16 пайызга кыскарып, айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткендигин президент БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясына кошулган тараптардын 29-конференциясында сүйлөгөн сөзүндө маалымдады.
Быйыл жылдын биринчи жарымында өлкөдө жер көчкүлөрдүн санынын кескин өсүшү, 300дөн ашык табият кырсыгы инфраструктуранын олуттуу бузулушу, адам өмүрлөрүнүн кыйылышы жана кооптуу аймактарда жашаган миңдеген тургундардын көчүрүлүшүнө алып келген өлкөдөгү көрүнүштөр, кырсыктар табиятта туура эмес процесстердин жүрүп жаткандыгынан кабар берүүдө. Адам баласынын иш-аракеттеринин курчап турган чөйрөгө терс таасиринен улам, климат, табигый процесстер өзгөрүп, кайра адамдын өзүнө зыяны тийүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоону сунуштап жатканы да бекеринен эмес. БУУнун алкагында өнүккөн мамлекеттерди экологияны сактоого багытталган долбоорлорго каржы бөлүүгө чакырууда, анткени климаттын өзгөрүшүнө алардын таасири чоң.
Экология тармагы боюнча аналитик Бактыбек Саипбаев белгилегендей, Борбор Азиянын бардык мамлекеттерине глобалдык зыяндуу заттардын 1 пайызы гана туура келет.
“Экономикалык кыйынчылыкты башынан өткөргөн өлкөлөргө аткарууга мүмкүн эмес талаптарды коюунун ордуна, жардам бериш керек. Анткени учурда биздин тоолуу аймак климаттын өзгөрүү тобокелдигине көбүрөөк дуушар болууда. Бул жерде абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн тез көтөрүлүп, мөңгүлөр эрип, ысык толкундар жана кургакчылык тез-тез жана узакка созулуп жатат”, - дейт Саипбаев.
Климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттер алгач дүйнө коомчулугунан, өкмөттөрдөн жана ишкерлер тарабынан болушу шарт, бирок ар бир адам өз салымын кошо алат. Мисалы, эң жөнөкөй дегенде энергияны азыраак колдонуу, үйдү жылуулоону жана энергияны үнөмдөөнү жакшыртуу, электромобилдерге өтүү же унааны колдонуудан такыр баш тартуу жана көмүр, газ менен жылытууну ЭКБга өткөрүү. Жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, климаттын өзгөрүүсүнө таасирлерди азайтуу - бул биринчиден ден соолукка кам көрүү.
Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий