• 87.86
  • 93.94
  • 1

ӨКМ: Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.23. /Кабар/. Жайыл районуна караштуу Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атайылап атып түшүрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн үч саат аралыгында ведомствонун ыкчам тобу менен КМнын артиллериялык эсеби тарабынан 14 снаряд атылып, бардыгы жарылган.

"Анын ичинен 7 снаряддын жарылуусунан көлөмү 28 миң 490 куб метр кар көчкүсү түшүп, анын алты миң куб метри унаа жолго жетип, эки тараптуу жабылган. Бишкек – Ош унаа жолунун 197-чакырымында саат 14:15тен тартып унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Учурда жеринде бир жүктөгүч кар көчкүнү тазалап, саат 19:00дө жол эки тараптуу ачылды. Ошондой эле кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары эртең, 20-февралда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий