• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен коогалаңына 23 жыл

Аймак 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Баткен шаарында Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган мекеме ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасы алгач эстеликке гүлчамбар коюу менен башталып, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен коогалаңын кайгыруу менен эскерип, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, эрдиктери баа жеткис экенин баса белгиледи.

Андан соң, курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салып, ага жалпысынан 400дөн ашык киши катышып, коогалаңда 53 киши курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий