• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облустук прокуратурасы ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук прокуратурасы ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону күчөтөт. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан 18-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында ишкердиктин субъекттери, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга ишкердиктин ар кыл тармагындагы жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлердин укугун коргоо жана облустун инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча курч жана көйгөйлүү маселелер талкууланды. Укук коргоо жана контролдоочу органдардын ишкердиктин субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүнүн көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жетекчилиги белгилеп өткөндөй, азыркы учурда прокуратура органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катарында ишкерлердин укуктарын коргоо багытындагы мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү камсыз кылуу, экономикалык иштин эркиндигин, жагымдуу инвестициялык климатты, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан администрациялык кысымды азайтуу болуп саналат.

Ошону менен бирге, укук коргоо жана контролдоочу органдар тарабынан ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүү, ошондой эле текшерүү фактылары аныкталган учурда, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамда каралган чаралар көрүлө тургандыгы баса белгиленди.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар мындан ары да, облустун прокуратура органдары менен ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндө тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий