• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылды.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

Бүгүн, 21-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий