• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

Кырсык 0


Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча бүгүн, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйлөрдүн короосун каптаган.

Жериндеги кырдаалды билүү үчүн саат 9:50дө райондун акиминин орун басары, ӨКМдин Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жерине чыгып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий