Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда Бишкекте ӨКМдин куткаруучуларына кырсыктын алдын алууга атайын шаймандар тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы тарабынан бул максатта 190 миң акча каражаты бөлүнүп, Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 1 даана мотопомпа, 20 өтүк жана 20 жаандан коргонуучу күрмөлөр алынып берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунун, Лейлек району боюнча ӨКБнүн карамагына 300 миң сомдон ашуун каражатка 4 даана дизелдик мотопомпо тапшырылган.
Пикир
Оставить комментарий