• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

КМШ оюндары. Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасынын куржунунда дагы үч коло

Спорт 0

Витебск, 12.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Жеңишбек Парпы уулу, Раатбек Нурмаматов жана Адилет Календеров Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медалга ээ болду.

51 кг чейинки салмак категориясында катышкан Жеңишбек Парпы уулу жарым финалда россиялык мушкер менен беттешти. Жеңилүү ызасын тарткан кыргыз спортчусу коло медалга татыды.

Ошондой эле 54 кг чейинки салмакта Раатбек Нурмаматов өзбекстандык мушкерге утулуп калып, коло медаль тагынды.

Ал эми 57 кг чейинки салмакта катышкан Адилет Календеров өзбек мушкери менен кез келип, утулуп калды. Календеров дагы коло медаль алды.

Белгилей кетсек, тайбокс боюнча мелдештер Беларустун Витебск шаарында өтүп жатат.

Мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 7 спортчу катышып, 5 коло медалга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат.

Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий