• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды

Спорт 0

Орша, 12.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Алмаз Орозбеков Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында күмүш медаль тагынды.

Бокс боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Беларустун Орша шаарында өтүүдө.

Орозбеков 67 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште Беларусь мушкерин, жарым финалдык беттеште Тажикстандын мушкерин жеңди.

Ал эми бүгүн, 12-августта өтүп жаткан финалда кыргызстандык спортчу Россиянын боксчусу менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык боксчу Зафарбек Камилов күмүш медаль тагынган.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат.

Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий