• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте Композиторлор союзунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Композиторлор союзунун 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максүтов жана Композиторлор союзунун башкармалыгынын төрагасы Турдубек Чокиев катышты.

Алтынбек Максүтов өзүнүн куттуктоо сөзүндө кыргыз композиторлорунун улуттук музыкалык маданиятты калыптандыруудагы зор салымын белгилеп, алардын чыгармачылыгы элдин руханий мурасы менен айкалышканын баса көрсөттү.

“Композиторлор союзу 85 жыл бою биздин музыкалык салтты өнүктүрүүдө негизги роль ойноп келет. Алардын чыгармалары – бул Кыргызстан үнү, биздин жүрөгүбүздө да, дүйнөлүк аренада да жаңырып турган үн”, – деп белгиледи министр.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Алтынбек Максүтов музыкалык чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнө министрликтин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Иш-чара алдыңкы музыкалык жамааттардын чыгармалары менен коштолду:

  • А. Жумакматов атындагы Академиялык симфониялык оркестр (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – КР эл артисти Рахат Осмоналиев);
  • А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын хору (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – КР эл артисти Карагул Тиленчиев);
  • Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын камералык хору (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – КР эл артисти Гүлбара Маматова);
  • А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын солисттери.

Пикир

Оставить комментарий