Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Айдоочу унаа токтотуучу жайга киргенде дароо коопсуздук курун чечип салса, бул эреже бузуу болуп эсептелет. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин башчысы Чынара Касмамбетова билдирди.
“Айдоочу ким болбосун, качан болбосун унаа токтотуучу жайга кирип, автоунаасын толук токтоткондо гана коопсуздук курун чечиши керек. Бул - эрежени толук сактоо болуп эсептелет. Унаа токтотуучу жайга киргенде эле чечип салуу эрежени сактабагандыкка жатат. Негизинен биздин байкообуз боюнча, шаарда көп жерлерде унаа токтотуучу жайлар боюнча маселе жаралат. Мисалы, мектептердин айланасында да туура эмес жерлерге токтотуп койгон айдоочулар көп", - деди ал.
Касмамбетова борбор калаада унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, 13-январда Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдында унаа токтотуунун эрежесин бузгандарга карата текшерүү болуп, протоколдор түзүлгөн.
Жол инспекторлору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жетекчилер өздөрү да мыйзамды сакташы керектигин эскерткен.
Пикир
Оставить комментарий