Бишкекте 2026-жылга чейинки бизнести өнүктүрүү программасы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын 2026-жылга чейинки бизнести өнүктүрүү программасы талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага экономика министринин орун басары Айнура Усенбаева, мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Айнура Усенбекова бизнести өнүктүрүү программасы бул бизнес үчүн - бизнес күн тартиби экенин, ал өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана милдеттерин камтып, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты өнүктүрүү саясатын караштырарын жана эки багытта моделдештирилгенин белгиледи:

– экономикага таасир этүүчү тышкы факторлорго жооп берүүгө багытталган кризиске каршы чаралар;

– системалык чаралар – өлкөнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу.

Ал эми 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасынын артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:

– фискалдык преференцияларды берүү;

– административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү;

– айрым тармактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Белгиленгендей, программанын уникалдуулугу анын толугу менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккандыгында жана ар бир чара бизнес үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Министрдин орун басары программа төмөнкү принциптерге негизделгенин айтты:

– мамлекеттин жөнгө салуу функцияларын кыскартуу, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, тейлөөнүн сервистик моделине өтүү боюнча бир катар чараларды камтыган өз ара жоопкерчилик принциби ж.б.

– дүйнөлүк рынокто Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатууну, инфраструктуралык шарттарды жакшыртууну, эл аралык стандарттарды таанууну жана колдонууну караган соода-өндүрүштүк мамилелерди байланыштыруу принциби.

– өсүштүн таяныч пункттарын эске алуу менен чыгармачыл кластерлерди өнүктүрүүнү, МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну жана башкаларды караган инновация принциби.

– курулуш, транспорт, энергетика жана финансы секторлорунда ESG стандарттарына ылайык долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу боюнча бир катар иш-чараларды камтыган экологиялык тазалык принциби.

– Социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган теңдик принциби.

– өнөр жай ишканаларын ишке киргизүүнү, дары-дармектерди автоматтык түрдө аккредитациялоо системасын киргизүүнү, чек ара соода борборлорун түзүүнү караган өнүгүү коопсуздугунун принциби.

Белгилей кетсек, тегерек стол Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын колдоосу менен "Диалог аркылуу бизнести өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Буга чейин Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында министрлер кабинети 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасын кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий