• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

КР элчиси Кувейттин Ал-Ахмади чөлкөмүнүн губернатору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-сентябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов өлкөдөгү аккредитациясынын алкагында Кувейттин мунай өндүрүүчү жана соода-логистикалык борбору болгон Ал-Ахмади чөлкөмүнүн губернатору-шейх Фаваз Ал-Халед Ал-Хамад Ал Сабахка сылык сапары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Шейх Фаваз Ал-Халед Ал Сабах А.Карагуловду жооптуу кызматка киришкендиги менен куттуктап, кыргыз-кувейт мамилелерин бекемдөөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун жана региондорунун ортосундагы байланыштарды түзүү талкууланып, Ал-Ахмади чөлкөмү негизги багыттарда иш алып барган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну изилдөө ниеттери айтылды.

Элчи А.Карагулов губернаторду элчиликтин ишмердүүлүгү жана саясий байланыштарды көбөйтүү, ар кайсы деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, түз аба каттамды ачуу жана Кувейт менен Булуңдагы өлкөлөрдөн туристтик агымды көбөйтүү, ошондой эле келечектеги эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган пландары тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий