• 87
  • 90.41
  • 0.84

КРда качкындардын саны 2008-жылдан бери 3 эсе азайды, азыр алардын саны – 194

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстандагы качкындардын саны азайып жаткандыгы байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Жыпар Мамбетова билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2008-жылдан бери качкындардын саны 3 эсе азайган.

“2018-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында 194 качкын бар. Афганистандан 91 адам, калган өлкөлөрдөн 103 киши. 2018-жылдын 1-сентябрына карата баш калкалоочу жайы бар адамдарын саны 82ни түзөт. Учурда качкындардын абалын жөнгө салууга багытталган чаралар уланууда”, - деди Мамбетова.

Пикир

Оставить комментарий