• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"ДСК Азат" жана "Стройсервисплюс" курулуш компаниялары пландан тышкары текшерилди

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. "ДСК Азат" жана "Стройсервисплюс" курулуш компаниялары пландан тышкары текшерилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы тарабынан түшкөн арыздын негизинде текшерилген. Текшерүү Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылган.

Анын негизги максаты каркассыз көп батирлүү чоң панелдүү турак жайларды курууда колдонуу үчүн чыгарылып жаткан ири панелдүү темир-бетон буюмдарынын, ошондой эле башка темир-бетон буюмдарынын сапатын көзөмөлдөө болуп саналат.

Башкармалык тарабынан мындан ары дагы ири панелдүү жана ар түрдүү максаттагы башка темир-бетон буюмдарын чыгарууга багытталган башка ишканаларды текшерүү пландаштырылууда.

Мындай текшерүүлөр жалпы республиканын курулуш тармагынын сапатын көзөмөлдөө боюнча зарыл чаралардын бири болуп саналат жана келечекте аталган иш-чаралар адаттагыдан көп болот.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерилүүчү субъекттерге өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар берилет.

Пикир

Оставить комментарий