Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 778 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 890 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 312 куб метрге жетүүдө.
Пикир
Оставить комментарий