• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилер буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилер буздурулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 150 чарчы метрди түзгөн темир тосмолор жана үч капиталдык кошумча кире бериш курулуш ээлери тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалган. Ошондой эле тротуар курууга тоскоол болгон 30дан ашык жеңил объектилер жана 65тен ашык жарнама конструкциялары алынды.

Мындан тышкары, уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча 8 протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган курулуштардан, ошондой эле мыйзам нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттар менен курулуштардан бошотуу тууралуу билдирүү берилген.

Пикир

Оставить комментарий