Бишкек, 08.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын кураш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө биринчилигинде 4 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында 2-8-декабрь күндөрү өтүп, ага өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер катышты.
Күмүш медалын ээлери:
- 46 кг Ыйман Камчыбеков (өспүрүмдөр арасында);
- 80 кг Мирлан Эралиев (Ардагерлер арасында)
Коло медалдын ээлери:
- 50 кг Чыңгыз Базарбаев (өспүрүмдөр арасында);
- 65 кг Азимбек Жумабеков (жаштар арасында);
Курама команда улук машыктыруучу Жанбулат Кусейиновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикир
Оставить комментарий