• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Курт-кумурскалардан жасалган тамактарды жегим келбейт - Кытайда окуган кыргызстандык Айсулуу

ТАГДЫР 0

Кыргызстандык жаштар дүйнө жүзүнүн ар кыл өлкөлөрүнүн белгилүү окуу жайларында түрдүү багыттарда билим алышууда. Алардын арасында коңшулаш Кытай Эл Республикасына окууга кеткен мекендештерибиз да бар. Кытайдын Ганьсу провинциясынын Ланьчжоу шаарындагы Салттуу кытай медицинасы университетинин Ийне саюу, күйгүзүү жана укалоо факультетинин студенти кыргызстандык Айсулуу Кадырова бул окууга өтүү көп өзгөрүү алып келгенин айтат. Биз менен болгон маегинде Айсулуудан билимге умтулуу, мекенчилдик, тырышчаактык мүнөздөрдү байкадык.

- Айсулуу Кытайда кандайча окуп калдың?

- Нарын шаарында орто мектепти аяктаган соң, ЖРТнын баллы менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Математика жана кибернетика факультетине өттүм. Мында окуп жүргөндө, КР Илимдер академиясында Кытай элдик медицинасы боюнча тандоо жүрүп жатканын угуп, тийиштүү документтеримди топтоп Кытайга жөнөттүм. Убакыт өткөн соң, Кытайдан окууга өткөнүм тууралуу чакыруу келди. Ата-энем колдоп, виза ачтырып Кытайга кеттим. Ланьчжоу шаарындагы Салттуу кытай медицинасы университетинин чет элдик студенттиринин биринчи агымыбыз. Окуу программасы боюнча бир жыл кытай тилин үйрөнөбүз. Андан кийин төрт жыл өз кесибибиз боюнча окуйбуз.

- Кытай тилин билчү белең? Алгач кыйынчылыктар болгон чыгаар?

- Мен кытай тилин билчү эмесмин. Башында аябай оор болду. Баарынан иероглифтерди жаттаган өтө кыйын болду. Биз күнүгө жат жазуу жазчубуз. Бүгүн жаттаган иероглифти эртең унутуп кала берчүмүн. Эгерде көчөгө чыкканда кокус жанымда телефонум жок болсо, тил кыскарат эле. Жандап түшүндүрүүгө аракет жасачумун.

- Кытай элинин ашканасы өзгөчө эмеспи? Сага жактыбы?

- Ооба, мага жагат. Тамактары аябай жеңил, аш болумдуу. Жашылча-жемиштер өтө куурулбаганы менен өзүнө тартат. Башында кыйын болду. Бат эле кардыбыз ачып, нан жегибиз келчү. Бара-бара көнүп кеттик. Анан бул жактын тамактарына көнүп алып Кыргызстанга барганда ашказан бир жумадай кыйналат (күлүп). Кытайда окуп жатканымды билген адамдардын баары сөзсүз төмөнкү үч суроону беришет: Курт-кумурска, бака, жылаан жедиңби? Кытайлар баары эле бойлору кичинекей, көздөрү бүтүк, окшош болушабы? Кытайча сүйлөп көрсөң? Мен курт-кумурскалардан даярдалган тамактарды жегим келбейт. Алардан башка биздин улуттук тамак-аштан өзгөчөлөнгөн тамактары бар. Ошолордун даамын татууга кызыгып турабыз. Ошондой эле алар сууну көп ичишет, ден соолукка, айрыкча териге пайдалуу дешет.

- Кыргызстандан чет жакка чыгуу кандай өзгөрүүлөрдү алып келди?

- Мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезим чет жакка чыкканда гана ойгоноорун түшүндүм. Бул жакка келген ар бир студент өзүнүн ким экенин көрсөтөт деп ойлойм, мисалы үйүндө эрке уул, эрке кыз болсо бул жакта эркелетчу адам жок. Өз элинде атасынын унаасын айдап “крутой” болуп жүрсө, бул жактан анын бири жок. Мен өзү чечкиндүү болуп, өзүм үчүн чечимдерди өзүм кабыл алууга, жоопкерчиликтүү болууга үйрөндүм десем болот. Чет жакта окуганда дүйнө таанымың да кеңейет. Биз жаштар кумурска сыяктуу болобуз. Бир тепкичке чыккандан соң кийинки тепкичке чыксам эмне бар болду экен деген кызыгуу менен көтөрүлөбүз.

- Кытайчаны канча убакытта өздөштүрдүң?

- Кытай тилин бир жылдык тил курсунда эле өздөштүрүп кеттим деп айта албайм. Кесибим боюнча биринчи курска отурганда анатомиядан өтө кыйналгам, бир жарым жылда үйрөндүм. Азыр кыйынчылык жок сабакта 80-90% түшүнөм деп айта алам. Кытай тилин үйрөнүүдө эң биринчи адамдын өзүндө аракет болуш керек деп ойлойм, анан кытай тилин алып жүрүүчүлөр же бул тилде эркин сүйлөгөн адамдар менен көп баарлашканда бат үйрөнөт деп ойлойм. Албетте, тил үйрөнүү оңой эмес. Ар бир нерсенин башында кыйынчылык бар ошол кыйынчылыкты жеңе билүү керек. Бүгүн кыйналсаң эртең ошол кыйынчылыктын үзүрүн көрөсүң.

- Жергиликтүүлөр чет элдик студенттерге кандай мамиледе?

- Чет элдик студенттерге абдан кызыгуу менен карашат. Биз тууралуу сурашат. Айрымдары Кыргызстан кайсы жакта жайгашканын дагы билишпейт. Биз билбей, түшүнбөй жаткан нерселерди эч кыйынчылыксыз эле түшүндүрүп беришет. Негизи эле кытайлар сылык болушат. Өз кызыкчылыктары үчүн жашашат. Биздегидей “эл эмне дейт?” деген жок. Жада калса, кийингенде саркеч кийимдерге караганда өздөрүнө ыңгайлуу кийимдерди кийишет. Буттарына көбүнчө жеңил спорттук бут кийимдерди кийип жүрүшөт. Улгайган адамдар кечке маал аянтчаларда музыка коюп бийлешет, кечки көнүгүүлөр сыяктуу. Ошону менен ден соолукка кам көрүшөт. Кытайга келип кытайлардан убакытты туура пайдаланууну үйрөндүм. Алар аз убактысын дагы текке кетиришпейт. Мындан тышкары, белгилүү болгондой, Кытайда мыйзамдар өтө күчтүү. Ал эми кыргыз эли акылдуу болобуз деп ойлойм. Көп нерсеге жөндөмдүүбүз. Анткен менен жалкоо калкпыз.

- Окуу жайда кандай шарттар түзүлгөн?

- Мугалимдердин баары сабакты кызыктуу өтүшөт. Студенттерди тилдешпейт. Канча жолу түшүнбөй калдым десең, ошончо жолу ар башка ыкмалар менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Окуу жай тарабынан болгон шарттар түзүлгөн. Бир бөлмөдө экиден студент жашайбыз. Жашоо жана окуу үчүн бардык шарттар бар. Окууга келген биринчи жылы ата-энем каржылап жатты. Учурда гранттык стипендия алам. Каражатыбыз жетиштүү.

- Кыргызстанды сагынасыңбы?

- Ооба. Бирок, учурда алысты жакын кылган интернет болуп калбадыбы. Социалдык тармактар аркылуу республикабызда болуп жаткан бардык окуялардан кабардарбыз. Ата-энем, бир туугандарым менен видео чалуу аркылуу сүйлөшүп, сагынычымды таратып алам. Интернет жок болсо, кыйын болмок деп ойлойм. Бул жакта кыргыздар ынтымактуу, активист агалар бар. Жыл сайын жаңы студенттер келгенде “Кыргызстандыктардын жолугушуусу” өтөт. Жолугушуунун максаты - кыргыз студенттерин бири-бири менен тааныштыруу, мамилелерин бекемдөө. Ошондой эле жыл сайын 8-мартта кыргыз жигиттер кыздарыбызды өзгөчө белектери менен куттукташат. Кышкы каникулда үйүнө кетпеген студенттер менен чогуу Жаңы жыл тособуз Жылдын аягында чогулуп эс алууга чыгабыз, кой союлат, командаларга бөлүнүп оюндар ойнотулат.

- Келечек пландарың кандай?

- Келечекте Кытай менен гана чектелбестен мүмкүнчүлүк бар кезде башка мамлекеттерге саякаттап келсем деген тилегим бар. Окууну аяктаган соң, магистратурадан окуумду улантууну ойлоп жатам.

- Маегиңе рахмат. Окууңа ийгиликтерди каалайбыз.

Маектешкен Венера Акматова

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий