• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Инстаграмдагы OMKS баракчасынын негиздөөчүсү жигитпи же кызбы?

ТАГДЫР 0

Учурда өлкөбүздө бир нече социалдык тармактар кеңири белгилүү. Алардын ичинен жаштар арасында Инстаграм тармагы абдан жигердүү колдонулуп келет. Ушул соцтармакта жайгашкан “One Million Kyrgyz Stories” (OMKS) баракчасынын колдонуучулар арасында сырга айланган негиздөөчүсү суроолорубузга жооп берип, бир топ кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү.

- Эң алгач эле өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз? Инстаграмдагы көпчүлүк досторуңуз жигитпи же кызбы деп табышмак кылып жаткандыгы баардыгына белгилүү.

- Ооба, чынында, көбү ушул суроого жооп тапкылары келет. Өзгөчө жаңы катталгандар. Мен жигитмин, жашым 23 тө, Бишкек шаарында төрөлгөм. Аты-жөнүм бүгүнкү күнгө чейин жашыруун. Ал эми инстаграмдагы досторум мени Азиз Айтбеков деген лакап атым менен билишет. Азыркы учурда иштейм.

- Баракчаны идеясы кандайча пайда болгон?

- Ачуу тууралуу идея 2014 жылдын 11-декабрда жаралган. Алгач баракчаны Вконтакте социалдык тармагында ачкам. Белгилүү болгондой, ал жакта биздин баардык мекендештер өздөрүнүн турмуштук окуялары менен бөлүшө алышат.Андан кийин Инстаграмм, Фейсбук, Твиттер, Асько жана Телеграмм социалдык тармактарында да баракчалар ачылган. Өтө узак окуялардын коштоосунда бул баракчаны ачууга мүмкүн болду.

- Өзгөчө жазуулар кызыктуу окуяларды кайдан табасыздар?

- Окуяларды көбүнчө катталуучулар жазып, жөнөтүп турушат.Кээ бир учурларда жок болуп калса өзүбүз жазганга туура келет.

- Сизге баракчаңызга катталуучулардын эмнеси жагат да, кайсы аракеттери иренжитет?

- Негизи окуялар иренжитпей эле, ушулардын баарына одоно комментарий берген адамдар иренжитет.

-Командаңызда канча адам бар?

- Ар бир баракчаны бир эле админ карап турат. Ал контент менен баракчаны илгерилетүүгө жооп берет.

- Баракчанын символу эмнени түшүндүрөт?

- Белгиси - калпак кийген бала жана көк түс. Белгилүү бир окуя менен деле байланышы жок, болгону бул биздин өлкөнү чагылдырып турат.

- OMKS shop бут кийимдер дүкөнүнүн баракчасы сиздин дүкөнгө таандыкпы же болгону жарнамалап жатасызбы?

- Ооба, видео, жаңылыктар жана кино баракчалары да бар. Дүкөн чынында мага тийиштүү. Досторум менен биргеликте ачканбыз.

- Баракчаны өзгөртүүнү же балким сатууну ойлогон жоксузбу?

- Жакшы суроо болду. Ооба, буюрса кийинки жылы толугу менен Инстаграмдагы баракчабызды өзгөртөбүз . Ребрединг болот. Логотип менен жасалгалоо өзгөртүлөт. Ал эми сатуу тууралуу ойдо да жок.

- Ар кандай скетч-шоуларды тартуу, продакшн студия ачуу тууралуу ойлогонсузбу?

- Жок, мындай ойлор келбептир. Бизде башка пландар бар, кыйла масштабдуу десек болот.

- Күнүнө баракчаңызды иштетүүгө убактыңыздын канча бөлүгүн бөлөсүз?

- Чынында, социалдык тармактардан чыкпайм деле. Анткени, баракчаны башкаруу иштетүү көп убактты, көңүлдү, көзөмөлдү талап кылат.

- Социалдык тармактарда баракчаларды жүгүртүүнү каалаган үйрөнчүктөргө эмнеден баштоону кеңеш берет элеңиз?

- Өлкөбүздө жок, оригиналдуу нерселерди түзүү керек. Жасалгаларды түзүп жатканда жалкоолук кылбай, чыдамкай болуу жана баштаган нерсеңдин аягына чыгуу үчүн убакытыңдын көбүн арноо керек. Мен дагы бул нерсеге бир жыл баргам. Бирок, популярдуулук төртүнчү айда эле келген. Анткени, бул бизде жаңы жана кызыктуу баракча болгон.

- Мындан сырткары дагы эмнеге кызыгасыз?

- Мени болгону бир гана нерсе кызыктырат, баракчам качан 1 миллион белгисине жетет деген кызыгуу.

- Кыргызстандын жаштарын өнүктүрүү үчүн эмне керек деп ойлойсуз?

- Өтө көп окуяларды алып жатып, эмне актуалдуу экенин жакшы түшүнүп калат экенсин. Биздин жаштарга эң негизги чечкиндүү, тырышчаак жана өжөр болууну кеңеш кылмакмын. Өгөчө кесип тандоодо. Анткени, менин жашоомдо ушул учур чечүүчү учур болгон. Ошол учурда менде тандоо турган: окуу же Вконтакте социалдык тармагындагы 600 катталуучу бар тобум. Буга байланыштуу апам экөөбүз урушканга чейин бардык. Болгону ошол учурда ийгилик жаратаарыма жана өзүмө ишенгем.Тандоомон жаза басып адашкан жокмун. Жаштар башкалардын оюн ойлобошу керек жана өзүнүн жолун тандашы керек. “Эл эмне дейт?”- деген стреотип максаттарыбызга жетүүгө жолтоо болбошу керек.

- Жалпысынан кыргыз элинин жашоосунда эмнени өзгөртүү керек деп ойлойсуз?

- Белгилүү бир өзгөртө туруучу нерселерди санап бере албайм. Бирок, бир нерсени өзгөртүүнү кааласаң албетте, өзүңөн баштоо кажет. Ар бирибиз акырындык менен өзгөрүп отурсак жана туура багыт көрсөтсөк, айланабыздын да өзгөрүп жатканын өзүбүз да байкабай калабыз. Аны менен катар мамлекетибиздин да өзгөрүүсүн күтсөк болот.

- Келечекте OMKS баракчасын миллиондогон катталуучулары менен элестете аласызбы?

- OMKS баракчасын ачуу менен көп нерселерге жетиштим. Бул Кыргызстанда белгилүү брендге айланды десем жаңылышпайм. Жараткан нерсем качандыр бир күнү кызыксыз, колдонулбай калганын элестете албайм. 70 жашка буюрса барып калганда эсеп менен айтканда окуяларымдын саны Вконтакте социалдык тармагында бир миллиондон ашышы керек. Эгер ошол учурда Вконтакте бар болсо эле.

- Анда эмесе ишиңизге ийгилик. Келе жаткан жаңы жылыңыз менен!

Маектешкен Алина Керимбекова

Пикир

Оставить комментарий