• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Курултайда эл менен бийлик ортосунда тикелей түз байланышуу болот – Сүйүнбек Касмамбетов

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Элдик курултайга келген делегаттар президенттен 6 метр эле аралыкта отуруп, мында эл менен бийлик органдарынын ортосунда тикелей түз байланышуу болот. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, курултай – бул азчылыктын пикирин сыйлаган көпчүлүктүн чечими.

“Мурда каттар райондук администрациялар аркылуу, Жогорку Кеңештин каттарды жана арыздарды кабыл алуу бөлүмү аркылуу жарым жылдап, бир-эки айлап дарегине жетчү. Ал эми курултайда эмне көйгөй көтөрүлсө ошонун баарын түз эле президент кабыл алат. Мындан тышкары, курултай иштеп жатканда өкмөттүн толук курамы катышып, курултай өтүп жаткан залдын ичинде түз кабыл алуу жүргүзүлөт. Курултайга келген ар бир делегаттын көйгөйү, ошол делегаттарды шайлап жиберген айыл өкмөттүн, элдин көйгөйлөрү түздөн-түз уюштуруу комитетине жана курултайдын катчылыгына келип түшүп, каттоодон өтөт. Делегаттар сүйлөйбү же сүйлөбөйбү баары бир жазып келген каттарынын бардыгы каттоодон өтүп, мыйзамдуу түрдө көзөмөлгө алынат”, - деди мамлекеттик катчы.

Касмамбетов белгилегендей, мында бир кишинин да сөзү жерде калбайт, калууга да мүмкүн эмес.

“Курултайга 700 делегат келсе, ар биринин сунушу, көйгөйү расмий түрдө каттоодон өтүп, кийинки курултайга чейин атайын мамлекеттик көзөмөлдө болот”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий