• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин мэри Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында борбор калаага келген Эл аралык хоккей федерациясынын делегация мүчөлөрү менен жолугушту, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Делегациянын курамында Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү, Эл аралык бадминтон федерациясынын биринчи вице-президенти Лисвадтракул Кхун Ин Патама, Крань шаарынын мэри, Словениянын хоккей федерациясынын президенти Раковец Матьяж, президент жана "Инфронт" компаниясынын башчысы Блаттер Филипп, "Инфронт" компаниясынын биринчи вице-президенти Марти Бруно, турнирдин төрагасы, Швециянын хоккей федерациясынын президенти, Швециянын УОК вице-президенти, эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Ларссон Андерс, эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти жана кеңешинин мүчөсү Айваз Оморканов жана Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кирди.

Мэр келген конокторду жылуу тосуп алып, мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында кызматташууга ишенимин билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорттун шаарды өнүктүрүүнүн элементи катары маанилүүлүгүн, ошондой эле Бишкекте 3-дивизион боюнча Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү уюштурууну талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды алдыга жылдырууга өзгөчө маани берерин белгилеп, Лисвадтракул Кхун Ин Патама бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды.


Өз кезегинде Лисвадтракул Кхун Ин Патама айым чакыруу жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий