Кыргыз футбол союзунун президенти кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүрдү (видео)

Спорт 0


Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруу комитети менен президенти Медербек Сыдыков мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды. Мындай чечим улуттук курама командасынын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгына байланыштуу кабыл алынган.

КФС Медербек Сыдыковдун кыскача маегин жарыялады. Анда ал кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүрүп, мындай кадамга баруу эмоционалдуу чечим болбогондугун билдирди.

"Бул кеңешип кабыл алынган чечим. Жаңыча ой жүгүрткөн, тажрыйбалуу, жаңы көз караштагы кишилер келип, жаңылык киргизиши керек. Кыргыз футболунун келечеги жаңыланууну талап кылат. Футболду жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн жаңы жетекчилер, жаңы команда келиши керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.

Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрында, ал эми аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.

Пикир

Оставить комментарий