• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз-казак биргелешкен индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

Коом 0


Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин «Ак-Тилек» (Кыргызстан) жана «Кара-Суу» (Казакстан) автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү.

Капсула салуу аземи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри — Соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун катышуусунда өтүп, алар Мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу белгиленген план боюнча отчет беришти.

Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий