• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Юстиция министрлигинде жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Юстиция министрлигинде Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору Координациялык кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына акысыз юридикалык кеңеш берүү боюнча бир күндүк акция өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара юристтер күнүнө карата уюштурулган.

Майып балдары бар энелер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячалары, майыптардын өкүлдөрү, жашы жете элек балдарды жалгыз тарбиялап жаткан адамдар үчүн, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму жөнүндө маалымат берилип, акысыз юридикалык консультация жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу жол жоболору түшүндүрүлдү.

Акциянын жүрүшүндө, катышуучулар МКЮЖКнун тутумундагы жактоочуларынан юридикалык кеңеш алышты. Катышуучулар тарабынан берилген суроолор жөлөкпулду кандай жол менен алуу жана алимент төлөө боюнча, жазык иштери боюнча, жер мыйзамдары, майыптыкты белгилөө жана башка суроолор боюнча кеп кеңеш алышты.

Жалпысынан иш-чара санитардык ченемдерди эске алуу менен 1,5 метр аралыкты сактоо жана башка баардык эрежелер сакталды.

Пикир

Оставить комментарий