• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Тойгонбаева Аяна изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бишкекте 14 жаштагы Аяна Тойбаева изделүүдө. Бул тууралуу ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 21-майда Свердлов райондук ИИБге Т.Б. аттуу жаран кайрылып, анын 2007-жылы туулган кызы Тойбаева Аяна Сейитбековнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал 17-майда саат 10:30дарда Бишкек шаары Огонбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою болжол менен 145-150 см, арык-чырай, көзү күрөң, чачы кара.

Кийими: кара түстөгү куртка, күрөң шым, бутунда кара кроссовка.

“Урматтуу жарандар! Эгер сиздер Тойгонбаева Аянаны көргөн болсоңуздар же ал тууралуу маалыматыңыз болсо төмөнкү номерлерге чалып билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз: 0553102387,0703222622, 0702498888,0772847336, 0557119410, 0709332463 и 102”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий