• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алмакан Найзабекова дүйнө салды – некролог

Коом 0

Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын көркөм искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады, күн мурун КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алмакан Найзабекова дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, "Маданият жана искусство боюнча Борбор Азия тармагы" (ЦАСКИ) Коомдук фондунун директору, "Оймо" эл аралык фестивалынын уюштуруу комитетинин мүчөсү жана уюштуруучуларынын бири, Эл аралык музейлер комитетинин (ICOM) мүчөсү, "Чыгыш-Чыгыш: чексиз өнөктөштүк" программасынын координатору, коомдук ишмер болгон.

Алмакан Шамшикеевна 1952-жылы 25-октябрда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган, англис тили филологу (мугалими) кесибинин ээси болгон.

1974-1976-жылдары Нарын областынын “Оттук” орто мектебинде англис тили мугалими кызматын аркалоо менен эмгек жолун баштаган. 1976-жылдан тартып 1994-жылга чейин Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин экскурсиялык бөлүмүнүн кызматкери кызматын аркалаган. Анын ичинде, 1986-жылдан тартып көркөм өнөрдү пропагандалоо бөлүмүнүн башчысы, маданий долбоорлордун менеджери болгон. 1994-жылдан тартып Тынчтык Корпусунда маданият боюнча координатор кызматын ээлеген. 2012-2013-жылдары Кинематографисттер союзунун Коомдук байкоо кеңешинин төрагасынын орун басары болгон. Мындан тышкары “Сорос - Кыргызстан” фондунда программалар координатору болуп эмгектенген. “Мөлтүр булак”, “Курак”, “Жибек жолу мелодиялары”, “Курак салттары”, “Нооруз” эл аралык фестивалдарын, музыкалык жана көркөм сынактарды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан, аларды координациялаган.

“Маданият жана искусство боюнча Борбордук Азия тармагы” (ЦАСКИ) Коомдук фондунун директору катары Борбордук Азия аймагында тармактык долбоорлор боюнча менеджмент, маданият жана коомдук саясат маселелери боюнча Маданият министрлиги менен кызматташкан жана кереге кеңештер аркылуу тажрыйба алмашуу, басылмаларды чыгаруу иштерин алып барган.

Өлкөбүздүн алыста жайгашкан аймактарындагы маданият уюмдары менен иш алып барган. Ошондой эле “Курак” искусствосу жана коому альманахында редактордук кызматты аркалаган.

Алмакан Шамшикеевна музейдик, куратордук жана коомдук иштерге активдүү катышып, өлкөбүздүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көптөгөн грамоталары, дипломдору жана ыраазычылык каттары, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин төш белгиси жана диплому, Акыйкатчы институтунун “Акыйкатчы” медалы жана башка көптөгөн коомдук жана эл аралык уюмдардын дипломдору менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Алмакан Шамшикеевнанын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жоготуунун азабы жана кайгысы менен тең бөлүшөбүз.

А.А. Максутов, Ч.Эсенгул уулу, Т.М.Ажымалиев, Г.К.Абдыкалыкова, М.Т.Тагаев, А.Т. Абдымомунов, С.А.Мамбетмусаева, А.Ш.Турсунбекова, А.Т. Мамбетказиева, Ж.К.Бакашова, К.М.Алмакүчүков, А.К.Алымова, С.А. Абдрахманов, К. Мамадалиев, Ж.Д.Джунушев, И.Ч.Чаланов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий