"Кыргыз темир жолу" ишканасы Кыргыз футбол союзунун расмий өнөктөшү болду

Коом 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Кыргыз футбол союзунун расмий өнөктөшү болду. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү келишимге "КТЖ" ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жана КФС президенти Медербек Сыдыковдор кол коюшту.

Медербек Сыдыков "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчисине КР футбол боюнча Улуттук курама командасын колдоого көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун жаңы кеңсеси менен тааныштырып чыкты.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы дени-сак жашоо образын колдойт, компания өз кызматкерлерине да кам көрүп, атайын спорттук жай – “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин түздү, анда футбол, баскетбол жана хоккей сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыкса болот", - деди Сакиев.

Пикир

Оставить комментарий