• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргыз-венгрия ректорлорунун конференциясында кызматташтык жөнүндө 31 документке кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Будапешт шаарында 14-февралда кыргыз-венгрия ректорлорунун I конференциясы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, конференцияга Кыргызстандын 18 жогорку окуу жайынын жетекчилери жана Венгриянын жогорку окуу жайларынын 40тан ашуун өкүлү катышты.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Венгриянын ректордук конференциясынын кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кыргызстандын жана Венгриянын ЖОЖдорунун ректорлору студенттерди жана профессордук-окутуучулук курамды алмашуу, биргелешкен илимий жана изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, окутуучуларды жиберүү жолу менен Кыргызстанда венгр тилин жана Венгрияда кыргыз тилин жайылтуу, Венгр тили жана маданият борборун ачуу, ошондой эле Кыргызстандын университеттеринин биринде Венгрияны изилдөө факультетин түзүү, академиялык жана билим берүү материалдарын алмашуу багытындагы 31 документке кол коюшту.

Кыргызстанда ушул жылы кыргыз-венгрия ректорлорунун II конференциясы өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 13-14-февралда иш сапары менен Венгрияда болду. Сапардын алкагында жогорку окуу жайлардын ректорлору эки билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган иш-чараларга катышты.

Пикир

Оставить комментарий