• 87
  • 89.63
  • 0.85

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Кумтөр кенинин иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун төрагасы Кубат Абдраимов “Кумтөр” кенинин жамааты менен жолугушту.

Ишканадан билдиришкендей, жолугушууда ал ишкананын учурдагы милдеттери, алдыдагы жылдарга пландары тууралуу айтып, ошондой эле кен жумушчуларынын суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчиси Бузурман Субанов 2024-жылы жетишилген өндүрүштүк көрсөткүчтөргө, жакынкы жана келечектеги максаттарга жана пландарга кеңири токтолду.

Андан соң “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси кендеги өндүрүштүк жана көмөкчү бөлүмдөрдүн, алтын бөлүп алуу фабрикасынын ишин, алтын рудасын жер астынан казып алуу боюнча долбоордун жүрүшү менен таанышып, карьерлерди жана калдык сактоочу жайларды көрдү.

Пикир

Оставить комментарий