• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

"Кыргызкөмүр" ишканасынын эки кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгилегендей, “Кыргызкөмүр”ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Ага ылайык, кызматтык милдеттерин одоно бузган эки кызматкер - “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун Инвестициялык ишти жана ишкананын "Түштүк" филиалын тескеген орун басары жана "Түштүк" филиалынын директору жумушунан бошотулду.

Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени айтылды.

Пикир

Оставить комментарий