• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баалар негизсиз жогорулатылган учурда кимге кайрылуу керек? — номерлер

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн алдындагы Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги базар жана соода түйүндөрүндө баалар негизсиз жогорулатылган учурда аталган агенттикке кабар берүүгө чакырат.

Түз байланыш номерлери:

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт тарабынан республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө киргизилген. Ага ылайык, 1 жана 2 сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган. Соодагерлер майда товардык, заводдук кагазга таңгакталган ундан башка унду белгилеген баадан жогору сата алышпайт.

Учурда социалдык маанидеги товарлардын башка түрлөрү боюнча талдоо жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада шекер, нан жана өсүмдүк майынын максималдуу наркы аныкталат. Чектөөнү бузгандар КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий