Бишкек, 18.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттешинин биринчи таймы аяктады.
Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде Ирандын пайдасына чечилди.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп жатат, ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана кыргызстандыктар күйөрмандык кылууда.
Кыргыз спортчулары кызыл, ирандыктар ак түстөгү формада ойноп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте “А” тайпасында жайгашкан.
Пикир
Оставить комментарий