Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши тең чыгуу менен аяктады

Спорт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши болуп өттү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстан үчүн алгачкы голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Тилекке каршы 38-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.

Беттешке 15 миңге жакын күйөрман кыргыз футболчуларын сүрөөгө келишти.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өттү.

Беттештин калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарып, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам берди. Ал эми оюндун резервдик калысы ливандык Реда Али болду.

Пикир

Оставить комментарий