Кыргызстан менен Армения экономикалык кызматташтыгын арттырууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондян менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Амангелдиев министрлик Кыргызстан Армения менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ошондой эле ал кыргыз-армян мамилелеринин жаңы деңгээлге чыгуусуна, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө, соода жүгүртүүнү жогорулатууга, бизнес-коомчулуктун интеграциясын күчөтүүгө жана Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууга кызыкдарлыгын билдирди.

Өз кезегинде элчи Гевондян өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн, логистиканы жолго салуунун зарылдыгын белгиледи. "Бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылын тездетүүгө, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Ошондой эле элчи инфраструктураны өнүктүрүү жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен аракеттер эки тарап үчүн тең олуттуу пайда алып келээрине ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда кызматташтыктын бардык маселелерин чечүүдө тараптардын конструктивдүү мамилелери достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий