• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Асрандиев: Эл аралык донорлордон алынып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант болуп эсептелет

Экономика 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Эл аралык донорлордон алып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант болуп эсептелет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон.

“Жалпы сумманын 26%ы грант түрүндө алынууда – 166 млн доллар. Калган 461 млн доллар жеңилдетилген насыя катары берилүүдө. Алардын шарттары: мөөнөттөрү 10 жылдан 20 жылга чейин, үстөгү 0,7-1,5%, негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт каралган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий