• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстан жети эл аралык каржы институтунан каражат алууда

Экономика 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Кыргызстан жети эл аралык каржы институтунан каражат алууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Асрандиев белгилегендей, ал жети эл аралык каржы институттан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон.

“Алар − Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Азиялык инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа биримдиги жана kfw Немис өнүктүрүү банкы. 627 млн доллардын 321 млн доллары келип түштү. Ал негизинен Эл аралык валюта фондунун каражаттары – 242 млн доллар. Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар, Дүйнөлүк банктан 2 млн доллардан ашык каражат жана Европа биримдигинен 27 млн доллар келди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий