Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Аддис-Абеба шаарында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Эфиопиянын финансы министри Ахмед Шиденин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Асеин Исаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекет башчысынын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле Эфиопия менен соода-экономикалык кызматташуу жаатында тыгыз байланыштарды түзүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Эфиопиянын финансы министри өлкөлөр ортосундагы географиялык алыстыкка карабастан, Эфиопия Кыргызстан менен сооданы өнүктүрүүгө чын дилден кызыкдар экенин белгиледи. 2024-жылы Эфиопиянын ички дүң продуктунун көлөмү 210 млрд долларды түзүп, 120 миллиондон ашык калкы бар Африкада бешинчи орунга чыккан.
Кыргыз тарап өлкөлөр ортосунда кош салык салуудан качуу боюнча макулдашууга кол коюуну сунуштап, ошондой эле Эфиопиянын финансы министрин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Эфиопия Африканын саясий борбору жана соода дарбазасы болуп эсептелет.
Пикир
Оставить комментарий