• 88.68
  • 95
  • 0.95

Путин: ЖККУнун жоопкерчилигине кирген аймакта аскерий-саясий кырдаалды талдоо жана болжолдоонун натыйжалуулугун арттыруу керек

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. ЖККУнун жоопкерчилигине кирген аймакта аскерий-саясий кырдаалды талдоо жана болжолдоонун натыйжалуулугун арттыруу керек. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумда сүйлөп жатып билдирди.

"Арийне, эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара иштешүүнү мындан ары да бекемдөөгө умтула беребиз. ЖККУ аймагындагы эл аралык террорчул топторду, алардын базаларын, каржылоо булактарын ж.б. маалыматтарды аныктоо жана жок кылуу боюнча биргелешкен операцияны жүргүзүүнү улантууну туура көрөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий