Кыргызстан менен ЕККУ өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда экономикалык кыйынчылыктарды жеңүүгө багытталган улуттук программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун колдоосуна байланышкан маселелерди талкуулоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Ян Борч менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

"Сүйлөшүүлөрдө биз эл аралык күн тартибиндеги маселелерди да карадык. Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте биз ЕККУнун алкагында иш-аракеттерибизди координациялоонун маанилүүлүгүн ырастадык. Бүгүн ошондой эле Кыргызстан менен Мальта мамлекетинин ортосундагы негизги артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды. Жалпысынан биз Борбордук Азияда жана бүтүндөй ЕККУ аймагында тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылуу кызыкчылыгында биргелешкен ишти улантууга биздин өлкөлөрдүн умтулуусун ырастаган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазы болдук. Министр Иан Борчтун сапары биздин өлкө менен ЕККУ ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деп ишенем", - деди Кулубаев.

Ошондой эле ТИМ башчысы ЕККУнун башкы катчысы Хельга Шмиддин Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин форумун өткөрүү боюнча демилгесинин маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул аянтча салттуу жана пайдалуу болуп калды жана албетте чек арачылардын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты бекемдейт.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мальтанын төрагалыгына Сент-Джульянс шаарында климат жана экология боюнча иш-чараларды мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ушул жылдын сентябрь айында Прагада ЕККУнун 31-экологиялык форумун өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий