Кыргызстан менен Финляндиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу элчи Сойли Мякеляйнен-Буханисттин дипломатиялык миссиясынын аякталышына байланыштуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Финляндиянын тоо-кен тармагындагы тажрыйбасын эске алып, элчинин жана "Metso Outotec Finland" компаниясынын жетекчиси Марку Терасвасаранын 19-20-июнда Бишкек шаарында өткөн "MINEX Central Asia" эл аралык конференциясына катышуусун канааттануу менен белгиледи.

Ошондой эле ал Финляндиянын элчисине Кыргызстандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен учурдагы кызматташтыгы тууралуу маалымат берди.

Министрдин орун басары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулоо учурунда Финляндиянын тышкы соода жана өнүктүрүү министри Вилли Тавиондун 2024-жылы Кыргызстанга сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча биргелешкен ишти улантуу зарылдыгы белгиленди.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Финляндиянын элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханистке кыргыз-финлянд кызматташтыгын чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий