• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы гранттык макулдашуулар ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо болуп саналат.

Гранттык макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын алдынкы университеттеринде кийин магистр жана доктор даражасын алуу укугу менен англис тилинде эки жылдык окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

“Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоорунун алкагында 2025-2027-окуу жылдарына магистратура программалары боюнча 19 кызматчыны жана 2025-2028-окуу жылдарына докторантура программасы боюнча 1 кызматчыны окутуу каралган.

Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япониянын өкмөтү Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине Япониянын мыйзамдарына ылайык Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагында 342 млн япон йени өлчөмүндө грант берет.

Пикир

Оставить комментарий