• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстан менен Италиянын парламенттер аралык аракеттенүүсү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Таалай Базарбаевдин демилгеси менен Италиянын Сенатынын депутаты - экономика жана бюджет боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, "Лацио" италиялык футбол командасынын президенти Клаудио Лотито менен жолугушуу өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Таалай Базарбаев маектешин Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар менен тааныштырды.

Мындан сырткары, тараптар эки тараптуу парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, анын ичинде эки мамлекеттин парламенттеринде достук топторун түзүү маселелерин талкуулашты.

Таалай Базарбаев эки тарапты кызыктырган көптөгөн багыттар боюнча кыргыз-италиялык кызматташуунун активдешүүсүн канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстандын футбол уюмдары менен "Лацио" футбол клубунун ортосунда байланыш түзүү аркылуу спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Клаудио Лотито кыргыз тараптын Италия менен эки тараптуу диалогду активдештирүү боюнча демилгелерин жогору баалап, айтылган сунуштарды колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн үзгүлтүксүз байланыштарды улантуу зарылдыгын макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий