• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан менен Корея экономика, энергетика тармагында кызматташтыкты арттырат

Экономика 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Корея экономика, айлана-чөйрө, энергетика жана жеткирүү тармагында кызматташтыкты арттырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта жүргүзгөн сүйлөшүү учурунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Юн Сок Ёль бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда экономика, айлана-чөйрө, энергетика, жеткирүү чынжырлары жана башка ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Кореяны көп жылдар бою калыптанып калган, жыл сайын бекемделип келе жаткан достук жана өнөктөштүк мамилелер бириктирип турганын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, өлкөлөрдүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин жоктугу эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров саясий диалогду, анын ичинде өкмөттөрдүн жана парламенттердин деңгээлинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий